www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль-Палестина жаңжалы

Израиль аскерлеринин, басылып алынган Батыш Шериадагы Наблус шаарына жүргүзгөн операциясында 2 палестиналыкты өлтүргөндүгү билдирилди. Бул тууралуу трт.нет билдирди. 

Палестинанын мамлекеттик телеканалынын кабарына караганда, Израиль армиясынын Батыш Шерианын түндүгүндөгү Наблус шаарына операциясында 2 палестиналык каза болду.

Ал арада Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израиль аскерлеринин Наблус шаарына жүргүзгөн операциясында 40тан ашуун кишинин жараланганын кабарлады. Жаракат алгандардын айрымдарынын абалынын оор экени айтылды.

Палестинанын Кызыл Жарым Ай коому, Наблус шаарындагы тинтүүдө 4ү оор 30 палестиналыктын жараланганын билдирген болчу.

Басылып алынган Батыш Шериада жана Чыгыш Кудуста палестиналыктардын үйлөрүнө тез-тез тинтүү жүргүзгөн Израиль күчтөрү, ар кандай шылтоолор менен палестиналыктарды камакка алууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун билдирүүсүнө ылайык, Израиль аскерлери 2022-жылдын башынан 26-июнга чейин Палестинанын аймактарына болжол менен 1600 жолу рейд жүргүзгөн. Бул рейддер учурунда 60 палестиналык каза болуп, 6000ге жакын палестиналык жаракат алган.

Последние новости