www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы мезгилде Кыргызстанда аялдар менен балдарга карата жасалган зордук-зомбулук жосундарынын кескин өсүп баратканын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов мекендештерине NazarNews маалымат агенттиги аркылуу кайрылуу жолдоду.

Кайрылуунун тексти төмөндө толугу менен: 

Урматтуу мекендештер!

Аялдар менен балдардын кепилденген укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, алардын келечегине кам көрүү мамлекеттик бийликтин, анын ичинде мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Мындай милдеттен жалпы коомчулуктун да четте калууга акысы жок. Анткени, Кыргызстан ООН, ЮНИСЕФ, УВКПЧ сындуу бир катар ири эл аралык уюмдарга мүчө болуу менен, өзүнө гендердик теңчиликти сактоо, аялдар менен балдарды коргоо жана колдоо жаатында бир катар милдеттенмелерди алган. Аларды аткарыш керек.

Акыркы жылдары Кыргызстанда аялдар менен балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, ал-күчтөн тайып калган кары-картаңдарга карата жасалган, улуттук нарк-насилибизге жат, элдик салт-санаабызга сыйбаган кылмыштардын, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук мамилелеринин, жоболоңдуу жосунсуз жоруктардын кескин өсүп жатышы тынчсыздандырбай койбойт. Жалпы коомчулуктун, эл аралык жана коомдук уюмдардын тамырын терең сайып, бутагын кенен жая баштаган мындай терс көрүнүшкө абдан кабатыр болуп жатышы бекеринен эмес. Кабатыр болууга толук негиз бар.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2021-жылы өлкө аймагында 604 сексуалдык кылмыш катталса, анын жарымынан көбү кылмыш курамы жок деген негизде жабылган. 254 алакачып никеге туруу учуру катталса, анын 84 пайызы кылмыш курамы жок деген негизде жабылган. 118 бала сексуалдык мүнөздөгү зордукка кабылган. Андан тышкары, 10151 үй-бүлөдөгү зомбулук учуру катталып, жубайынан же жакындарынан ыдык көргөн 8463 аялга жана 264 балага кертбашын коргоо ордери берилген. Ал эми коомчулукка билинбей, «колу сынса – жең ичинде катылуу» бойдон калганы канча…

Быйыл деле мындай кылмыштардын азайганы байкалбайт же азайчудай түрү жок. Өткөн жарым жылдын жыйынтыгында балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктун 500 фактысы катталды, анын ичинде 55 учур сексуалдык мүнөздөгү кылмыш болуп саналат. Маалыматтык талдоо көрсөткөндөй, мындай оор кылмыштардын 80 пайызы мурдатан тааныш же кандайдыр бир деңгээлде тууганчылыгы бар адамдар тарабынан жасалат. Алтургай, алардын арасында ошол балдардын өз ата сөрөйлөрү да бар экен. Көртурмуштун айынан аласалып отуруп ушуга жетип калыппыз…

Айтканга да ооз барбайт экен: эми килеңдеген эле эркектер эркектерге кол сала баштаптыр. Жакында эле эңгезердей төрт эркек өздөрүнүн кошунасын зордуктап салыптыр деген суук кабар тарады. Жүрөктүн үшүн алган мындай акмакчылыктын артында эмне турат? Балким анын артында коомдук пикирдин эч нерсеге арзыбай калганы, аны менен кошо адамдын деградацияга учурашы, таалим-тарбиянын жоктугу, адамдык абийир менен ар-намыстан кеткени, акылынын пастыгы, жандүйнөнүн жардыланышы бугуп жаткан болбосун?..

Кыргызстанда байлар менен жакырлардын жашоо деңгээлинде асман менен жердей кескин айырма болуп калды. Ушу тапта 110 миң жакыр үй-бүлөдө 550 миңден ашуун бала бар, алар жалпы калктын 36 пайызын түзөт. Алардын басымдуу бөлүгү – элет жеринин тургундары. Анын үстүнө ички жана тышкы миграция көйгөйлөрү да кошул-ташыл болуп турат. Жакырчылык балдардын жетиштүү билим алуу жана белгилүү бир кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн чектейт, алардын криминалдык чөйрөгө тартылышына жана зордук-зомбулукка кабылышына жол ачары бышык.

Мына ушундай жагымсыз жагдайларды эске алуу менен, азыр Кыргыз Республикасында 2022-2026-жылдары балдарды коргоо боюнча программанын долбоору иштелип чыкты. Бул программанын негизги максаты балдардын кызыкчылыгын коргоо жаатындагы укук-ченемдик базаны андан ары өркүндөтүү болуп саналат. Анын ичинде программада камтылган иштиктүү жоболор менен бирдиктүү чаралардын тутуму эми «Балдар жөнүндө» кодексте да эске алынат деген ойдомун.

Албетте, аялдар менен балдарга карата жасалган зордук-зомбулук жосундарын эч ким эч нерсе менен жактай да албайт, актай да албайт. Биз кимдир бирөөлөрдүн кылмыш менен мыйзамдын ортосуна арачы түшүүсүнө жол бербешибиз керек. Кылмыш фактыларынын ар бири кылдат иликтенип, мыйзам алкагында катаал чаралар көрүлүп, алардын жүрүшү коомчулуктун көзжаздымынан тышкары калбоого тийиш.

Эгер биз бул дүйнөнүн алтын туткасы менен бакубат келечеги болгон өтө аялуу адамдарыбыздын көйгөйлөрүн чечели, жоболоңдуу жосунсуз жоруктардан биротоло арылталы десек, анда азыртан андай оор кылмыштардын алдыналуу боюнча алгылыктуу чараларды көрүп, балдардын ар тараптуу жетилишине коопсуз чөйрө түзүү зарыл. Ал үчүн ар бир окуяны кылдат иликтеп, кылмыштын жасалганын моюнга коюп же моюнга алып, жалпы элдин элегине салганыбыз, иштиктүү талкууга алганыбыз туура болот. Эң бышкысы, көрүлүп жаткан чаралардын солгундап кетишине жол бербөө зарыл.

Эске салсак, 2021-2026-жылдарга Улуттук өнүктүрүү программанын жоболоруна ылайык, ар бир жаран аргандай зордук-зомбулуктан, кордоодон, басмырлоодон, өзүмбилемдик жосундарынан коргоого алынууга тийиш. Ал эми адам укуктары менен эркиндиктеринин кепилдигин толук камсыз кылуу – мамлекеттин конституциялык милдети. Ошондуктан, бул багытта баардык мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары жалпы коомчулук менен биргелешип иш алпарышы керек.

“Аял жылмайса – аалам жылмаят” дейт, анысы кандай, бактылуу баланын күлкүсү да дал ошондой керемет!.. Ылайым, бул дүйнөнү аялуу аялзаты менен бактылуу жана бакубат балалыктын шыңгыр күлкүсүнөн айырбасын!.. Бар болгула – бир бололу!..

 

 

 

Последние новости