www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тайван аралынын бийлиги Кытай армиясынын аскердик машыгуусун келечекте аралды басып алууга даярдык көрүү деп билдирди. Бул тууралуу Тайвандын тышкы иштер министри Жозеф Ву 9-августта Тайбэйде өткөн басма сөз жыйынында айтканын Reuters агенттиги жазды.

Жозеф Ву эл аралык коомчулукту “Тайван кысыгындагы тынчтыкты жана туруктуулукту” коргоого үндөдү.

“Масштабдуу аскердик машыгуулар, ракета учуруулар, ошондой эле киберчабуулдар менен жалган маалымат кампаниясы Тайвандагы коомдук маанайды алсыратууга болгон аракет”, - деди Ву Кытайдын аскердик машыгуулары тууралуу сүйлөп жатып.

Тайвандын Коргоо министрлиги 9-августта Кытайдын 16 согуштук учагы аралдын абадан коргонуу аймагына кирип кеткенин билдирди.

Бээжин Тайвандын тегерегиндеги тарыхтагы эң ири аскердик машыгууларын 7-августта аяктамак. Бирок 8-августта анын мөөнөтүн узартып, жаңы машыгуулар башталганын жарыялады. Кытайдын мамлекеттик телеканалы машыгуулар “суу астындагы кайыктарга жана деңизге каршы чабуулдарга” багытталганын кабарлаган.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси аралга келип кеткенден кийин Кытай 4-августта Тайвандын тегерегиндеги алты аймакта ок атуучу аскердик машыгууларды баштаган.

Пелоси акыркы 25 жылда аралга учуп келген эң жогорку даражалуу америкалык саясатчы болуп калды. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пелосинин сапарын өзүнүн суверенитетин бузуу катары баалаган жана Вашингтон үчүн оор кесепетке алып келерин эскерткен. Бул сапарга байланыштуу Кытай Нэнси Пелосиге жана анын үй-бүлөсүнө каршы санкция салды.

1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган Гоминдан партиясы өлкөнүн Тайван аралында баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайван Тайбэй шаарын борбору деп санайт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 13 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет. АКШ Тайвандын көз карандысыздыгын тааныбайт, бирок Кытайдын аны күч менен кошуп алуусуна каршы чыгып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости