www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилдин Коргоо министрлиги жана Rafael компаниясы жаңыланган «Темир купол» абадан коргонуу системасын согуштук «Темир нур» лазердик комплекси менен биргеликте ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн билдирди.
Сыноолордун жүрүшүндө система баллистикалык жана канаттуу ракеталарга, ошондой эле дрондорго каршы аракеттенүү сценарийлеринде текшерилди. Негизги максат – ракета менен лазерди бирдиктүү башкаруу тутумуна бириктирип, абадан келген коркунучтарды чогуу жок кылуу мүмкүнчүлүгүн сыноо болду.
Израилдин маалыматына ылайык, «Темир купол» 2011-жылдан бери кызмат өтөп, миңдеген аба буталарын атып түшүргөн. Эми жаңы технология иш жүзүндө өзүн актаса, өлкө ракета жана лазер биргелешип иштеген көп катмарлуу абадан коргонуу системасына ээ болот.