www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Ленин районуна караштуу Арча-Бешик конушунун тургундары NazarNews редакциясына келип, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Алардын айтымында, конуштагы айрым турак жайларды бузуу (снос) маселеси боюнча жергиликтүү элдин нааразычылыгы күчөп жатат.

Тургундар Президент жүргүзүп жаткан саясатты колдошорун белгилеп, маселени адилет жана мыйзам чегинде карап берүүнү өтүнүштү. Алардын арасында өзүн Ооган согушунун ардагери катары тааныштырган жаран Сизге үмүтү чоң экенин айтты. 

Кайрылуу ээлеринин айтымында, нааразы болгон тарапта 40тан ашуун үй-бүлө бар. Алардын көбү бул аймакта 15 жылдан ашуун убакыттан бери жашап келишет.

Жергиликтүү тургундар мамлекет башчысы бул маселеге көңүл буруп, алардын үнүн угуп, мыйзамдуу жана калыс чечим кабыл алынарына чоң үмүт артып жатканын билдиришти.

Байланыш телефону: 0772 14 02 08 – Махабат

Последние новости