www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Анкара шаарындагы “Аныткабир” мемориалдык комплексине барды.
Иш-чаранын жүрүшүндө министр заманбап Түркия мамлекетинин негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейине гүлчамбар коюп, анын элесин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерди.
Ошондой эле Жээнбек Кулубаев мемориалдык комплекстин Ардактуу коноктор китебине эстелик жазуу калтырды.
Иш сапардын алкагында тышкы саясат ведомствосунун башчысы Ататүрк жана Көз карандысыздык согушу музейинин экспозициясы менен таанышып, Түркия Республикасынын калыптануу тарыхы жана Мустафа Кемал Ататүрктүн өмүр жолу тууралуу маалымат алды.