www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израиль менен Палестина ортосундагы жаңжалдын курчушу. Кырдаал курчуп - ондогон адамдар каза болду.
Бүгүнкү күн үчүн эң башкысы:
Израил соту бир нече араб үй-бүлөлөрүн Чыгыш Иерусалимдин Шейх Жаррах кварталынан чыгарууга буйрук берди. Андан кийин полиция менен палестиналыктардын ортосунда көчөлөрдө катуу кагылышуулар башталды. Тополоңдо кеминде 400 палестиналык жаракат алган.
Палестина ракеталык соккуларды он сааттан ашык жүргүздү. Израил армиясынын маалыматы боюнча, 200гө жакын ракета атылган. Алардын көпчүлүгүн "Темир купол" ракетадан коргонуу тутуму кармап калган. Алты адам жаракат алган.
Израиль Газа секторундагы бир нече шаарга ракета учурду. 21 адам каза болду, анын ичинде 9у жаш балдар. Ал эми 70 адам жаракат алышты- деп билдирди Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги.
Газа тилкесинде Израилге ультиматум коюлган: ал полиция күчтөрүн Чыгыш Иерусалимдеги Акса мечитинен чыгарып кетиши керек.
Израилдин премьер-министри Нетаньяху "Газадагы топтор кызыл сызыктан өттү" - деп билдирген.
Булак: NazarNews.kg