www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Азыркы адамдардын бийликке келип жатканын тышкы дүйнө кабыл алган жок”, - деди бүгүн, 11-майда NazarNews маалымат агенттигине эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул.
--“Кыргызстандагы тышкы саясаттын жакшы болбогонун жакында Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы окуялардан дагы билсек болот. Себеби, Орусия, Кытай дагы Батыш өлкөлөрү дагы үн каткан жок. Ошондуктан тышкы саясаттын ар бир багытын изилдеп, анализдөө зарыл. Азыркылар бийликке келип жатканын тышкы дүйнө кабыл алган жок. Бизге алардын кандай мамиле жасап жатканын жакынкы арадагы окуялар тастыктап койду. Биз менен канчалаган мамлекеттер жакшы алака түзүп келген. Бир канча уюмдарга мүчөбүз.
Ал эми коңшу мамлекеттер: Казакстан менен Өзбекстан эки өлкөгө тең бирдей болгондуктан өздөрүнүн пикирлерин бирдей эле айтып коюшту. Канчалык биздики туура болуп турса дагы Тажикстанды дагы таарынткылары келген жок”, - дейт серепчи.
Булак: NazarNews.kg