www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кичинекей от кумурскасы Израилде тездик менен жайылып, өлкөнүн дээрлик бардык аймагын ээлеп баратканы айтылууда. Бул кумурска Израилде биринчи жолу 2005-жылы Иордан өрөөнүндө аныкталган.
Адистердин маалыматына караганда, анын мекени – тропикалык Америка. Израилге бул курт-кумурска эл аралык жүк ташуулар аркылуу кокусунан келип калган болушу мүмкүн. Андан кийин өлкө ичинде көчөттөр, жыгач жана питомниктерден алынган өсүмдүктөр аркылуу кеңири тараган.
Кумурсканын көлөмү кичинекей болгону менен, чакканы абдан оорутат. Уусу бар. Чаккан жери катуу күйүп, ооруп кычышып, жеңил күйүккө окшош жарат пайда болот.
Израилдик дарыгерлер мындай кумурсканын чакканынан кийин өмүргө коркунуч туудурган, кайра-кайра кайталанган анафилаксия (дем алуу кыйындашы, бет, эрин, тил же тамактын шишиши, кан басымдын кескин түшүшү, баш айлануу, эс-учун жоготуу) болгон учурду катташкан. Бирок жабыркагандардын саны тууралуу так статистика жок болгондуктан, ооруканага миңдеген адам кайрылды деп айтууга азырынча негиз жок.
Кызыгы, Израилдин кургак климаты да бул курт-кумурсканын жайылышына тоскоол боло алган эмес. От кумурскалары үзгүлтүксүз сугарылып турган газондордун, сейил бактардын жана бакчалардын айланасында жакшы жашап кетүүдө.
Маселе Израиль менен эле чектелбейт. 2022-жылы бул келгин кумурска Кипрде да биринчи жолу аныкталган. Ал Пафос жана Лимасол шаарларындагы өсүмдүк питомниктеринен жана туристтик аймактардан табылган.
Булак: Израилдин Айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги жана Кир Гельман