www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилде хантавирус жуккан алгачкы учур аныкталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, бейтап Чыгыш Европада жуктуруп алган жана белгилер пайда болгондон бир нече айдан кийин жардам сурап кайрылган.
«Maariv» басылмасынын маалыматына караганда, бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда. Вирустун штаммы Йоханнесбург шаарындагы «MV Hondius» круиздик кемесинде чыккан вирустун штаммынан айырмаланат.
Израилдин жаранында табылган Европа штаммы адамдарга кемирүүчүлөрдөн гана жугат. Ал эми кемеде аныкталган түштүк америкалык «Андес» штаммы сейрек учурларда адамдан адамга жугушу мүмкүн.
Кемеде хантавирус аныкталгандан кийин 3 адам каза болгон — нидерландиялык жубайлар жана Германиянын жараны. Азыр кеме Испанияга багыт алууда, ал жерден жүргүнчүлөр эвакуацияланат. Анда 147 адам болгон — 88 жүргүнчү жана 59 экипаж мүчөсү. Акыркы маалыматтар боюнча, кемеде 7 адам ооруну жуктуруп алган.