www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен оппозициялык "Улут биримдиги" партиясынын лидери Бени Ганц убактылуу "чукул" өкмөт түзүү боюнча макулдашууга келди. Бул тууралуу жергиликтүү Ynet басылмасы жазды.

Сүйлөшүүлөргө ылайык, аскердик кабинеттин курмына Нетаньяху, Ганц жана өлкөнүн коргоо министри Йоав Галант кирет.

"Согуш жүрүп жаткан маалда согушка тиешеси жок эч кандай мыйзам долбоорлору жана өкмөттүн чечимдери сунушталбайт. Жетекчилик кызматтарга дайындалган адамдардын баарынын ыйгарым укуктары автоматтык түрдө узартылып турат", - деп жазды Ynet .

Буга чейин "чукул" өкмөт түзүү сунушун израил парламентиндеги партиялардын көбүнүн лидерлери колдоп, бул ишти премьер-министрге тапшырышкан.

ХАМАС жана "Ислам жихады" уюмдарынын куралдуу жоочулары Израилдин түштүгүнө 7-октябрда кол салышкан. Акыркы маалыматтар боюнча, Израилде 1 200 киши, анын ичинде чет өлкөлүктөр да каза болду. Жүздөн ашык киши жихадчылардын туткунунда калууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости