www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Иранга кайтып келсе, жазаланышы мүмкүн экенин хорватиялык Index HR басылмасы ирандык маалымат каражаттарына таянуу менен билдирет.

Сентябрь айында Сауд Аравиянын клубу Иранга келип, Азия Чемпиондор Лигасынын алкагында жергиликтүү "Персеполис" менен беттешкен (2:0). Роналду өлкөгө жасаган сапарынын алкагында көптөгөн күйөрмандары менен, анын ичинде Фатима аттуу ирандык сүрөтчү менен жолугушкан.

Фатима мүмкүнчүлүгү чектелген аял жана португалиялык футболчунун чоң күйөрманы. Сауд клубу социалдык тармактарга жарыялаган видеолор жана сүрөттөр бул жолугушуунун сүрөтчү үчүн канчалык мааниге ээ экенин көрсөтүп турат. Бирок Роналду жолугушуу учурунда жасаган иши үчүн 99 ирет камчы менен урулуп жазаланышы мүмкүн. Себеби футболчу Фатиманы кучактап өпкөн. Муну менен ал бул өлкөнүн мыйзамдарын бузган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости