www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилде калган үч кыргызстандык өлкөдөн чыгарып кетүүнү суранып элчиликке кайрылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Саат 20.00гө карата алынган маалымат боюнча, аскердик кагылышуу болуп жаткан өлкөдө 65 мекендеш бар экени аныкталган. Израилди кошуп караган Түркиядагы элчилик жарандардын абалын сурап, чыгып кетүү ниети бар-жогун билүү үчүн баарына телефон чалып жатканы айтылды.
“Жабыркаган Кыргызстандын жарандары жок. Үчөө Израилден кетүү ниетин билдирди. Учурда аларды алып чыгуу мүмкүнчүлүгү иликтенип жатат. Элчилик Израилдин компетенттүү органдары, Анкарадагы элчилиги, ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн Тель-Авивдеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен байланыштарын улантууда”, — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 7-октябрда эртең менен Израилге Газа тилкесин башкарган исламчыл ХАМАС кыймылы массалык ракеталык сокку урган. Мунун фонунда Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир 7-октябрда өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялаган. Буга жооп кылып, Иерусалим антитеррордук "Железные мечи" операциясын баштаган. Анын биринчи фазасы 8-октябрга караган түнү аяктаган.
Израилдин премьер-министри Нетаньяху өлкө согуш абалында экенин билдирген.
Палестиналык аскерлер жүздөн ашуун израилдикти, анын ичинде жогорку даражалуу аскер кызматкерлерин туткунга алышкан.
Булак: NazarNews.kg