www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Палестина-Израиль чырынын күчөшү америкалык саясаттын кыйроого учурашын жана БУУ Коопсуздук кеңешинин чечимдерин кенебегенин айгинелейт. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Кремлде Ирактын премьер-министри Мухаммед ас-Судани менен жолугушуу учурунда айтканын РИА Новости жазды.

“Жакынкы Чыгышта абал кескин курчуп кеткенине күбө болуудабыз. Бул АКШнын региондогу абалды жөнгө салуу укугун менчиктеп алуусунун кесепети. Тилекке каршы, Америка бийлиги эки тарапка тең туура келген компромисстик жолду издеп аракет кылган жок. Мени менен көпчүлүк макул болсо керек”, — деди Путин.

РФ лидеринин айтымында, Вашингтон жөнгө салуу аракеттери кандай жүрүшү керектигин өзү чечип, эки тарапка тең кысым көрсөтүү менен палестиналыктардын түпкү кызыкчылыгына кол шилтеп келген. Путин АКШ суверендүү Палестина мамлекетин түзүү боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечимин көз жаздымда калтырып келгенине токтолду.

Өлкө башчы Россия Ирак сымал эле жай тургундарга келтирилген зыянды болушунча жумшартуу, аны жокко чыгарууга ыктаган позицияда турганын белгилеген.

Эскерте кетсек, 7-октябрда Израилге Газа сектору тараптан чабуул жасалганы боюнча маалыматтар тарады. Аталган өлкөнүн билдиргенине караганда, ХАМАС аскерлери ракета менен жапырт аткылаган соң Израилдин түштүгүндөгү чектерине кирип келген дешүүдө. Аталган уюмдун аскер канаты жарыялаган аскердик операциясын "Аль-Аксы топон суусу", ал эми Израиль тарап "Темир кылыч" деп атады. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылып, Израиль узакка созула турган оор согушка киргенин, мындан улам мобилизациялоо жүрөрүн билдирген.

Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестин-израиль жаңжалы ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.

Акыркы маалымат боюнча, ХАМАСтын чабуулунан улам Израилде 900 адам көз жумган. Палестиналык кыймыл аскер башчылары башында турган 100 израилдикти туткундаганын кабарлады.

Ал эми Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, Газа секторунда 788 киши набыт болгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости