www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин «Моссад» чалгын кызматынын мурдагы башчысы Давид Барнеа 2024-жылы Ирандын мурдагы президенти Махмуд Ахмадинежад менен жашыруун жолугушуу өткөрүп, аны Израилдин чалгын кызматы менен кызматташууга тартууга аракет кылганы айтылууда.

Чет элдик булактар жызышкандай, Израил тарап Ахмадинежадды келечекте Ирандын бийлигине кайра кайтып келиши мүмкүн болгон адам катары карап, аны өздөрүнө ыңгайлуу өкүл катары баалаган.

Маалыматтарга ылайык, 28-февралда Израилдин аскердик авиациясы Ахмадинежад жүргөн аймакка сокку урган. Чабуул анын күзөтчүлөрү жайгашкан имаратка жана анын ок өтпөс брондолгон унаасына багытталган.

Соккудан көп өтпөй окуя болгон жерге кара түстөгү Peugeot үлгүсүндөгү унаа келип, Ахмадинежадды аймактан алып чыгып кетишкен. АКШ жана Ирандагы булактардын маалыматына караганда, унаадагы адамдар «Моссаддын» кызматкерлери болгон жана мурдагы президент Ирандын аймагындагы жашыруун коопсуз жайга жеткирилген.

Ахмадинежад бул операциядан кийин Израилдин аны кайра бийликке алып келүү планына нааразы болуп, коопсуз жайдан чыгып кеткен. Ал аймактан кандай шартта кеткендиги азырынча белгисиз.

Ошондой эле маалыматтарда окуядан кийин Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) бул тууралуу билип, Ахмадинежадды кармагандыгы айтылат. Ал узак убакыт бою эл алдына чыккан эмес жана өткөн жумада гана Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменейдин жаназасында кыска убакытка көрүнгөнү кабарланган.

Последние новости