www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти «Кант» убактылуу сактоо кампасында, ошондой эле «Ак-Тилек» жана «Ак-Жол» фитосанитардык көзөмөл-өткөрүү пункттарында күтүүсүз текшерүү жүргүздү.
Мекеменин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө фитосанитардык көзөмөлдүн уюштурулушу, кызматкерлердин кызматтык милдеттерди аткаруусу, иш кагаздарынын жүргүзүлүшү жана мыйзам талаптарынын сакталышы комплекстүү бааланды.
Мындан тышкары, коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу, кызматтык ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана кызматтык этиканы сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Текшерүүнүн жыйынтыгында бардык посттордун ишмердүүлүгү оң бааланып, кызматкерлердин жоопкерчиликтүү мамилеси, кызматтык тартипти сактоосу жана фитосанитардык көзөмөлдү талаптарга ылайык жүргүзүп жатканы белгиленди.
Департамент мындай күтүүсүз текшерүүлөр мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо жана көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталарын билдирди.