www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө санитардык талаптарды бузган айрым коомдук тамактануу жайларынын иши убактылуу токтотулду.
Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, рейд 13-июлдан тартып шаардык иш планынын негизинде түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн алкагында Курманжан-Датка жана А. Шакиров көчөлөрүндө жайгашкан 10го жакын кафе жана тез татым жайлары көзөмөлдөндү.
Мониторингдин жыйынтыгында айрым жайларда санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбаганы, ошондой эле азык-түлүктүн сапатын тастыктоочу тиешелүү документтердин жоктугу аныкталган.
Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу кемчиликтер толук жоюлганга чейин айрым мекемелердин иши убактылуу токтотулду.
Мындан тышкары, мыйзамсыз ишмердүүлүккө байланыштуу чогултулган материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.