www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль армиясы 8 күндөн бери Газа тилкесиндеги шаарларды бомбалооуну улантууда.

Израилдин блокададагы Газага жасаган кол салууларында ушул кезге чейин 2 миң 215 киши каза болду.

Газа тилкесинин түндүгүндөгү Жибалйе качкындар лагери, Бейт Лахйе жана  ортоңку бөлүгүндөгү Нусайрат качкындар лагери сыяктуу  калкы көп аймактар бомбаланды. 

Израиль армиясынын Жибалийе качкындар лагеринде бир үйдү  бутага алган кол салууда кеминде  20 кишинин каза болгондугу, 80 кишинин жаралангандыгы билдирилди. 

Газада Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда Израилдин Газада бир күндө жасаган кол салууларында 315 палестиналык каза болду.

Буга ылайык үзгүлтүксүз жана катуу бомбалоолордун 8 - күнүндө жалпысынан 2 миң 215 киши каза болуп, 8 миң 714 киши жараланды.

Министрликтин билдирүүсүндө Израилдин кол салууларында каза болгондордун 724үнүн балдар, 458инин аялдар экендиги белгиленди.

Шифа ооруканасынын башкы директору Мухаммед Эбу Селиме Израилдин абадан кол салууларынан качкан  35 миң палестиналыктын үйлөрүн таштап Шифа ооруканасы жана айланасына баш калкалагандыгын билдирди. 

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости