www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин ɵчүн алуу үчүн Ɵзбекстандан атайын үч адам киши өлтүрүүгө чек араны бузуп Кыргызстандын аймагына ɵтүп келишкен. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Алар Ɵзбекстанда бир канча адамдарды ɵлтүргɵндүгү аныкталып, ал жакта да издɵɵдɵ жүрүшкɵн өзбек жарандары:

— Каримбердиев Ойбек Аббос угли, 1997-жылы туулган;

— Рустамов Азамат Шухратович, 1996-жылы туулган;

— Абдулкаффаров Исламхон Абдусамат угли, 1994-жылы туулган.

Алдын-ала суракта берилген кɵрсɵтмɵлɵргɵ ылайык, жогорудагы өзбек жарандары мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин ɵчүн алуу үчүн керектүү адамды жок кылуу буюртмасы криминалдар тарабынан берилгенин билдиришкен. 

УКМКнын кызматкерлеринин «Альфа» атайын кызматы менен биргеликте ыкчам иштеринин жыйынтыгында жогорудагы адам өлтүрүүгө аракет кылгандар Бишкек шаарынан кармалышып, 13- октябрда Ɵзбекстан тарабына ɵткɵрүп берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости