www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин премьер-министри коррупцияга айыпталып жаткан Биньямин Нетаньяхунун соту 24-майда Иерусалимде башталды. Өкмөт башчы сот имаратына кирип бара жатып, бул иш оппоненттери тарабынан атайлап уюштурулганын, тергөө “бурмаланганын” билдирди.

Нетаньяхуга өткөн жылдын  ноябрь айында паракорлук, көз боёмочулук жана коомдун ишенимин жоготуу беренелерине ылайык иш козголгон. Бул – Израиль тарыхында кызматта отурган өкмөт башчынын үстүнөн алгачкы сот процесси. Бир жума мурун Нетаньяху бешинчи жолу премьер катары ант берди. Саясатчы өкмөттү 11 жылдан бери жетектеп, бул кызматты эң узак өтөгөн жетекчи болуп калды.

6-майда өлкөнүн Жогорку соту “коюлуп жаткан айыптарга карабай Нетаньяху кабинет түзө алат” деген бүтүм чыгарган.

Эске сала кетсек, алты жыл мурда Израилдин мурдагы өкмөт башчысы Эхуд Олмерт пара алууга айыпталып, 16 ай абакта отуруп чыккан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости