www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги жакында гана ачылса да, анын жазуулары түшө баштады" деген маалымат тарады. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу блогер Владимир Цай баракчасына жазып чыгып, ал аты-жөнү жазылган тамгалар эки тараптуу скотч менен чапталгандыктан, жерге түшө баштаганын айткан. 

Подвиг твой бессмертен.Память о тебе пластиковая,на двустороннем скотче.. P.s.две недели после открытия памятника Чолпонбаю Тулебердиеву

Опубликовано Владимиром Цаем Воскресенье, 24 мая 2020 г.

Ал эми Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев билдирүү таратты. Анда ал: "Эч кимге күнөө койбойм. Жамандабайм.  Биз бир нерсени чукулап, кармалап көрүп, анан бузуп алсак бирөөгө шылтап баса беребиз. Мен ушундан #тажадым. Анан ким жаман? Мэрия жаман. Ооба, кемчилик бар, бирок өзүң таза болуп туруп, анан сында да. Эми чукулап түшүрө албагандай кылып башкача жазайбыз", - деп маалымдаган ал.

Эске салсак, Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги Жеңиш күнүнө карата 7-майда ачылган. Эстелик Бишкек шаарындагы баатырдын аты берилген паркта коюлган. Парктын аянты 10 гектар, борбордун түндүгүндө жаңы жашыл аянтты куруу үчүн шаардык бюджеттен 48 млн сом сарпталганы айтылган.

Эч кимге күнөө койбойм🥺😤 Жамандабайм😠 Биз бир нерсени чукулап кармалап көрүп анан бузуп алсак бирөөгө шылтап баса...

Опубликовано Балбаком Тулобаевым Воскресенье, 24 мая 2020 г.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости