www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги  экс-депутат Бейшенбек Абдыразаковду кепке тартып, айрым маселелер боюнча пикир алыштык.

--Бейшенбек мырза, президенттин ишин татыксыз кадрлар артка тартып жатабы же анын башка да себептери барбы? 

--Албетте, биринчиси татыксыз кадрлардын жооптуу кызматка тартылышы себеп болуп жатат. Экинчиси, саясий коррупция орун алып, бийликти устукандап бөлүп алышканынын кесепети ушундай абалга кептеди. Үчүнчүсү, коллективдик жоопкерчиликсиздик орун алды. Тагыраагы, ажо, өкмөткө, өкмөт парламентке шылтап, “Ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт'' дегендей абал болуп жатат. Кыскасы, бири-бирин жумшап, катуу иштеп жаткандай түр көрсөтүшкөнү менен жыйынтыгында эч ким эч качан, эч нерсеге жооп бербейт деген принцип иштеп кетеби деп кооптоном.

--Неге шайлоо жакындап калганда эле коррупционерлерди парламентке алып келбеш керек деген маселе көтөрүшөт. Бирок, жыйынтыгында парламентти олигархтар менен коррупционерлер орун алат?

--Бул маселе 25-30 жылдан бери эле көтөрүлүп келетат. Ар бир шайлоонун астында, төңкөрүштө коррупционерлерден арылуу маселеси көтөрүлөт. Бирок, бийлик ар дайым мындай жагдайды өзүнө ынгайлу кылып колдонот. Тагыраагы, эл жек көргөн же көпчүлүк коррупционер деп эсептеген чиновниктерге иш козгоп, коркутушат. Жыйынтыгы жок.

--Эмнеге ЕАЭСке киргенибиз менен алар менен тең ата сүйлөшүп, маселе чече албай жатабыз?

--ЕАЭС менен мамилени такташ үчүн  а дегенде алар менен тең ата сүйлөшкөндү билишибиз керек. Ага тажрыйбалуу, эл аралык деңгээлдеги кадрлар керек. Ошондой эле алардын ыгына көнүп отура бербей социалдык абалыбызды жакшыртуу үчүн экономикалык рычагдарды колдонуп, талаптарды коё билишибиз шарт. Өндүрүштү жандантып, алардын рыногуна чыгаруунун жолун табышыбыз керек. Антпесек, алардын продукциясын гана  колдонуп,  биздин өлүк өндүрүш экспортко эч нерсе чыгара албай кала турган абалга кептелебиз.

--Бүгүн эгеменбиз дегенибиз менен ал кагазда эле жазылган. Чыныгы жашоодо көз каранды мамлекетпиз дегендер бар. Бул маселе боюнча кандай ойдосуз?

--Туура кагаз жүзүндө эгемендик бар бирок, жашоодо жок. Толук кандуу эгемен болуш үчүн күчтүү экономика болуш керек. Газды, нефтини жана башка зарыл делген продукциялардын баарын  Россиядан алсак кантип эгемен болобуз! Эгемен болуш үчүн өзүбүздүн газ, нефти болуш керек. Ал жок болсо ГЭСтерди салып газдан, нефтиден баш тартып, баарын электр энергияга өткөрүш керек. Ошондой эле Россиядагы 1 млн. мигрантты алып келип завод, фабрика салып  иштетсек анан эгемен болобуз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости