www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ейскиде Су-34 аскердик учагынын кыйрашынан каза болгондордун саны 13 кишиге жетти. Бул тууралуу Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

"18-октябрда саат 06:00гө карата кырсыктын кесепетинен 13 адам каза болгон, алардын үчөө бала. 19 адам жаракат алды, алардын төртөө Краснодарская аймактык ооруканасына дарыланууга аман-эсен жеткирилди, калгандары Ейскиде дарылануусун улантууда. Жабыркагандарга бардык керектүү медициналык жана психологиялык жардамдар көрсөтүлүүдө», - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үч адамдын өлүмү дароо белгилүү болуп, кийинчерээк он адамдын сөөгү үйдүн урандыларынын астынан табылганын маалымдады.

«Ейск шаарында издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө 68 адам куткарылды, анын ичинде тепкичтердин жардамы менен 360тан ашууну эвакуацияланды», - деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Эскерте кетсек, 17-сентябрь күнү кечинде Краснодар крайынын Ейск шаарындагы эл жашаган көп кабаттуу үйдүн короосуна аскердик учак кулаган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости