www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-апрель күнү күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаап, туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым аймактарда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө түнкүсүн -1...-3 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт, күндүз +2...+7 градус жылуу болот. Талас жергесинде түнкүсүн -2...-4 градус суук болуп, күндүз +1...+6 градус жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1...-3 градуска чейин суук болот. Тоо этектеринде үшүк жүрүү коркунучу бар, ал эми күндүз +5...+10 градус жылуу болот. Таласта түнкүсүн -2...-4 градус суук, үшүк жүрүшү ыктымал, күндүз +1...+6 градус жылуу, Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4 градуска чейин, күндүз +2...+7 градус жылуу болору айтылды.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы Ошто түнкүсүн +3...+5, күндүз +7...+9, борбор калаада түнкүсүн -1...+1, күндүз +3...+5 градус жылуу болору болжолдонду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости