www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Былтыр сентябрда 24.kg сайтына Кабай Карабеков-дун "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" аталыштагы макаласы жарык көргөн эле. Анда Карабеков агездеги талапкер, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековду негизсиз каралап, жалган маалымат тараткан. Ошондо прези-денттикке талапкер С.Жээнбековдун штабы жалган жа-лаа учүн сотко кайрылган.
Соттук териштирүү учурунда аталган макала атайын каралоо үчүн жарыяланганы маалым болгон. Бишкектин Свердлов райондук соту Кабай Карабеков менен 24.kg агенттигин ушак таратканы үчүн ар бирин 5 миллион сомдон айыпка жыккан. 5-февралда болсо президент 24.kg маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айыппул өндүрүү талабынан баш тартты.
Эми болсо ушакты жазган К.Карабеков догурунуп, айыппулду төлөп берүү үчүн шарт түзүүнү талап кылып жатыптыр. Мындай айыпты төлөгөнгө шарты болбосо ушак жазгандан айланабы?
Демократиялык өлкөлөрдө ар бир журналист өзү тараткан маалыматы үчүн керт башы менен жооп берет. К.Карабековдун айткандары соттон далилден-ген жок, анын ушак менен Жээнбековду каралаганы ачыкка чыкты. Эми мыйзам чегинде жазасынан кутулуп, айыппулду кайдан болбосун төлөсүн...
Булак: "Багыт"