www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кабулда активист аялдардын нааразылык акциясы өттү

Ооганстанда аялдардын укугун коргогон активисттер нааразылык акциясына чыгышты. 5-декабрда борбор калаа Кабулда өткөн акциянын катышуучулары өкмөттү башкарып жаткан “Талибан” кыймылынын аялдардын укугу тууралуу жарлыгын айыптап, билим алуу, иштөө жана саясатка аралашуу укугу чектелбеши керектигин билдиришти.

Өзүн Маржан Ибрагими деп тааныштырган келин жарлыкта аялдардын укугу толук камтылбаганын айтты:

“Жарлыкта биздин жалгыз проблемабыз күчтөп күйөөгө берүү сыяктуудай жазылып калыптыр. Бирок бул бизди түйшөлткөн жалгыз көйгөй эмес. Бул жарлыктан кийин биз билим алуу жана каалаган жумушубузда иштөө укугубуздан ажырадык деп айтсак болот” деди ал.

"Талибандын" жарлыгы 3-декабрда жарыяланган. Анда аялдардын шариаттагы укуктары сакталышы керектиги жазылган. Активисттер өспүрүм кыздарды күчтөп күйөөгө берүүнү токтотуу, кыздарды окутуу деген маселелер камтылбаганын айтып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости