www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кабулда мечит жардырылып, 12 киши мерт болду

Ооганстандын борбору Кабулдагы Идгах мечитинде болгон жардыруудан мерт кеткендердин саны 12ге жетти. Бул тууралуу "Талибан"* кыймылындагы маалымат булактарга таянып РИА Новости жазды.

Дагы 32 киши ар кандай жаракат алган. Бул сандар өзгөрүшү мүмкүн.

Бегилей кетсек, буга чейин сегиз адам каза болуп, 20 киши жаракат алган деп айтылган. Ички иштер министрлигинин өкүлү Кари Саид Хости буга шектүү катары үч адам кармалганын билдирди.

Жергиликтүү ЖМКлар Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн маданият жана маалымат министринин орун басары Забиулла Муджахиддин бир нече күн мурда каза болгон апасына жаназа окулуп жаткан тушта жардыруу болгонун жазышты.

* Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган уюм

Булак: NazarNews.kg

Последние новости