www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров алдыдагы парламенттик шайлоого даярдык, өлкөдөгү кымбатчылык боюнча социалдык баракчасында өз пикирин жазды.

Президент мындан ары бардык шайлоолор болушунча таза өтө тургандыгын билдирди.

"Болгон күчүмдү жумшайм. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт. Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, дароо кызматтан алынып, жоопко тартылат. Ошого жараша эл дагы добушун сатпашы керек. Бул жолу сиздерге парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүп бердим.

36 депутатты бир мандаттуу округдан өзүңүздөрдүн түздөн-түз өкүлүңүздөр кылып шайлап аласыздар. Андан сырткары, 54 депутатты партиялык тизме менен шайлайсыздар. Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт. Партиянын ичинен өзүңүздөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиздер.

Тагыраагы, партиялык бюллетенге эки белги (галочка) коюлат. Партияга жана анын ичиндеги өзүңүздөргө жаккан бир талапкерге. Мына ошондо парламентке чыныгы элдин колдоосун алган депутат келет. Мына ушундай жол менен парламентти жалпы эл өзүңөр добуш берүү жолу менен люстрация кылып бересиңер.

Ал эми эскилер кайра келе жатышат деп чуу салып жаткандарга айтарым – каалабаган талапкерге добуш бербей койсоңуздар, ал келбейт. Мурдагыдай “биринчи ондукка кирип алсам, депутат болом” деген заман жок. Ал заман артта калды. Азыр тизмеде канчанчы болуп турушуң маанилүү эмес. Тизмеде 54-болуп туруп көп добуш алсаң, биринчи болуп келе бересиң", - деп жазган президент.

Жапаров ошондой эле өлкөдөгү кымбатчылык боюнча пикирин жазды.

"Коронавирус оорусу башталганы бир жарым жыл болду. Бардык өлкөлөргө эшиктер жабык. Соода-сатык жокко эсе. Ошон үчүн бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө кымбатчылык болуп жатат. Албетте, мындай учурда салыктан да, бажыдан да төлөмдөр аз түшөт. Казына толбойт. Ошентсе да кымбатчылыкты токтотолу, бир чекте кармап туралы деп күнү-түнү алпурушуп жатабыз. Илдет менен күрөшүү тынымсыз уланууда. Казынадан акча бөлүп, вакцина сатып алдык. Айрым өлкөлөрдө вакцинаны акчага эмдеп жатышат. Бизде бекер вакцинаны жапа тырмак алгандан эринип, кайдыгерлик кылгандар да жок эмес. Эртерээк коронавирус токтосо, анан дүйнө мамлекеттерине эшиктер ачылат эмеспи. Албетте, анан кымбатчылык да басаңдайт эле. Ушунчалык кыйынчылыктарга карабастан, пенсия, жөлөкпул, эмгек акыларды көтөрүп жатабыз. Куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүп жатабыз. Жолдор жасалып жатат.

Ар бир жасаган ишибиз элдин, мамлекеттин, урпактарыбыздын кызыкчылыгы үчүн гана болот. Кылымдар өткөндөн кийин да бүгүнкү жасаган иштерибизге уялбай тургандай болобуз. Баары жакшы болот. Кам санабаңыздар. Убакыт керек", - дейт президент.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости