www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азыр электр энергиясын Түркмөнстандан алып жатабыз. Кечээ Тажикстан да өз сунуштарын берип, алардан да ала баштадык. Казакстан менен Өзбекстан да мурдагы келишимдерге ылайык Электроэнергия берип жатышат», - деген президенттин Кайрылуусуна  белгилүү журналист, Семетей Талас уулу төмөнкүчө пикирин айтты.

--Датым бар Садыке. Салам Алейкум Президент Садыр Нуркожоевич. Энергокайрылууңузду окуп чыктым. Андагы айтылгандарга көз чаптырсак;

Токтогул ГЭСиндеги суунун көзөмөлү, энергобарондор, жүз миллиондогон сомго туйтунган ортомчу компаниялар жөнүндө бир да сөз жок. Анан сырттан 5 сомдон импорттоп келип, элге 0,77 сомдон сатышчу экен деп кейипсиз. Йолки, мамлекеттик үлөштүрүүчү компаниядан 37,38 тыйындан алып, элге 0,77 сомдон баштап, 2, 55 сомго чейин саткан 20га чукул ортомчу компаниялардын ишмердүүлүгүн, андагы коррупцияны эмнеге текшербейсиңер?! Эмне ал жерге дагы бир дакансаңар бардыбы?! Угулуп атат Доскулуңардын алкымы кандай экени! Техникалык жана коммерциялык уурулуктар териштирилбептер! Ушунун өзү эле Сиздин энергетика тармагына болгон үстүрт мамилеңизди билдирип турат. Фейсбукту жаап эле иштесең боло байкеси. Бу кетиште жазында бирдеме болот го. Энергетикада жүз миллиондорду уурдаган Ширшов келип-кетти деп атышат. Жок дегенде Максимди урматтап камабасаң дагы, "эмне кылып уурдачу элең, ошону тыялы" десең болмок экен. А так ал тексттеги сөздөрдү айылдагы Анипа деле айтмак....

2017-жылы Нарында электр энергиясы, кыш мезгилинде 2000 киловатт саатка чейин 0,77 тыйындан болсун деп боюнча тынчтык митинг өткөргөнүмдө, Атамбаев бийлиги камаганга аракет кылган. Ошо митингде, Сиз - Садыр Жапаров Москвада болчусуз, адамдарыңыз ватсаптан сиз менен сүйлөшүп койчу деп чыкканда "бул саясий эмес, тынчтык митинг" деп болбой койгом. Сүйлөшсөм, сизге байлап камап коюшмак. Ошондо деле ушул маселелерди көтөргөм. Атамбаев президент кезде да жолукканда энергетикалык уурулук боюнча бетине айткам. Сиз менен жолукканда дагы айткам. Бирок эч жылыш көрбөдүм. Убагында энергетика маселесин көп жазгам. Атактуу энергоууру А.Ширшов менен да соттошком. Канча президент алмашты, бирок өлкөнү кемирген, тармакты 129 миллиард сом карызга батырган энергоуурулардын кылы кыйшайган жок. Атыгүл, алардын бири Айбек Калиев жакында түрмөдөн бошоду. Ошол кыскасы, уга турган болсоңуз айттык, укпасаңыз, ... кайран сөз деп санды аткып кала беребиз! –дейт Семетей Талас уулу.

Эске сала кетсек, Президент Садыр Жапаров энергетика тармагы боюнча коомчулукка пикирин айткан:

Коомдо кызуу талкууланып жаткан маселелер боюнча маалымат жана түшүндүрмө берип коеюн деп чечтим.

1. Электр энергиясы боюнча.

Азыр электр энергиясын Түркмөнстандан алып жатабыз. Кечээ Тажикстан да өз сунуштарын берип, алардан да ала баштадык. Казакстан менен Өзбекстан да мурдагы келишимдерге ылайык Электроэнергия берип жатышат. Биз кошуна өлкөлөрдөн бүгүн эле электро энергияны импорт алып жаткан жокпуз.

2010-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясын импорттоп келе жатат экенбиз. Буга чейин импорттун баасы канча экен дебейсиздерби? 2014-жылдан бери бир киловатты 5 сомдон алып, элге 0,77 тыйындан берип келишкен экен. Ортодогу айырма элдин эсебинен, тагыраагы казнадан кеткен чыгым болуп келген. Бир нече миллиарддаган сомдор чыгым болуп кеткен. Мен мындай кыянатчылыкка, шалаакылыкка жол берген жокмун. Учурда эки сомдун тегерегинде алып жатабыз.

Менин тапшырмам менен Энергетика министри элден “Күндүз светти өчүргүлө, үнөмдөгүлө, "Токтогулдагы" суубузду сактап калалы” деп суранды. Ал сууну биз сугатка пайдаланбайбыз. Өзбекстан менен Казакстан пайдаланат. Биз электр кубатына гана пайдаланабыз.

Эгер өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызга карап, электр кубатын алуу үчүн эле пайдалансак, Токтогулдагы суубуз кышка кеңири жетет. Бирок жаздан баштап кайра кышка чейин сууну толтуруш үчүн “Токтогулду” толук жабышыбыз керек болот. Андай кылсак, анда кошуна мамлекеттер жайында суусуз калышат. Анда кошуна өлкөлөрдө кургакчылык болуп, бул жалпы баарыбыз үчүн оор кесепетке алып келет. Ошондуктан биз кошуна өлкөлөрдүн да камын ойлонушубуз керек. Ошого жараша алар да бизге электр энергиядан жардам берип жатышат.

Ал эми электр энергиясын сарамжал пайдаланбай, кайдыгер мамиле жасап жаткан жарандарыбыз жөнүндө сөз кылсак, алар үчүн электр кубаты арзан баада болуп жатат. Эгер кошуна өлкөлөрдөй бир килловаты биздегидей 0,77 тыйын эмес, 5 сомдон болгондо, башкача мамиле кылмаксыңар. Министрлик рейд жасаган учурда көрдүк го. Унаа оңдоочу жайларда, кафе-ресторандарда, базарларда күндүз жарык жанып турат. Бул эмнени билдирет? Бул бизде электр энергиясы арзан дегенди билдирет. “Ай, ошо да кеппи. Төлөп коем” дегендер демек колунда бар адамдар. Ал эми колунда жоктор бир лампочкасын өчүрүп, үнөмдөп турушат.

Ошон үчүн жазда тариф маселесин көтөрүп, эки категорияга бөлөлү: аярлуу катмарга 0,77 тыйын кылып калтырып, чекти алып, бай жашаган катмарга тарифти көтөрөлү дегенимде, ага да каршы чыккандар болушту “элди бай-кедей кылып бөлбө” деп. Макул, балким, бара-бара терең түшүнгөндөн кийин макул болорсуңар?

Убакыт керек. И баса, акыркы 10 жылда бир дагы ГЭС салбаптырбыз. Элдин саны болсо өсүп атат. Албетте, электр кубатына болгон суроо- талап мурдагыдан 3 эсеге өстү. Азыр эми ГЭСтерди өз күчүбүз менен эле сала баштадык. Кудай буюрса, 2024-2025-жылдарга барып энергетикалык таңкыстыктан чыгып, экспорттоого жетишебиз.

2. “Кумтөр” маселеси боюнча.

Биздин сураныч менен эмес, “Центерранын” суранычы менен Женева шаарында сүйлөшүүлөр болуп өттү. Бизден төрт киши барды. Жыйынтыгын алар келгенде угабыз. Ал эми LBMA биздин алтынды алуудан баш тартты. Эми алтындарыбызды сата албай калабыз деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтарым, сиздер эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт. Сатып алам деген кардарлар кезекте турушат талашып. “Эл аралык соттон утулуп калсак – эмне болот?” дегендер да бар экен. Утулбайбыз, утабыз. Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли. Эмне болот? “Кумтөрдү” көчүрүп кетеби? Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го? Эл колдоп турса болду. Казып атабыз, каза беребиз. Эч ким тоскоол боло албайт.

3. Шайлоо боюнча.

Мындан ары бардык шайлоолор болушунча таза өтөт. Болгон күчүмдү жумшайм. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт. Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, дароо кызматтан алынып, жоопко тартылат.

Ошого жараша эл дагы добушун сатпашы керек. Бул жолу сиздерге парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүп бердим. 36 депутатты бир мандаттуу округдан өзүңүздөрдүн түздөн-түз өкүлүңүздөр кылып шайлап аласыздар. Андан сырткары 54 депутатты партиялык тизме менен шайлайсыздар. Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт. Партиянын ичинен өзүңүздөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиздер. Тагыраагы, партиялык бюллетенге эки белги (галочка) коюлат. Партияга жана анын ичиндеги өзүңүздөргө жаккан бир талапкерге. Мына ошондо парламентке чыныгы элдин колдоосун алган депутат келет. Мына ушундай жол менен парламентти жалпы эл өзүңөр добуш берүү жолу менен люстрация кылып бересиңер. Ал эми эскилер кайра келе жатышат деп чуу салып жаткандарга айтарым – каалабаган талапкерге добуш бербей койсоңуздар, ал келбейт.

Мурдагыдай “биринчи ондукка кирип алсам, депутат болом” деген заман жок. Ал заман артта калды. Азыр тизмеде канчанчы болуп турушуң маанилүү эмес. Тизмеде 54-болуп туруп көп добуш алсаң, биринчи болуп келе бересиң.

4. Кымбатчылык боюнча.

Коронавирус оорусу башталганы бир жарым жыл болду. Бардык өлкөлөргө эшиктер жабык. Соода-сатык жокко эсе. Ошон үчүн бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө кымбатчылык болуп жатат. Албетте, мындай учурда салыктан да, бажыдан да төлөмдөр аз түшөт. Казына толбойт. Ошентсе да кымбатчылыкты токтотолу, бир чекте кармап туралы деп күнү-түнү алпурушуп жатабыз. Ковид менен күрөшүү тынымсыз уланууда. Казынадан акча бөлүп, вакцина сатып алдык. Айрым өлкөлөрдө вакцинаны акчага эмдеп жатышат. Бизде бекер вакцинаны жапа тырмак алгандан эринип, кайдыгерлик кылгандар да жок эмес. Эртерээк коронавирус токтосо, анан дүйнө мамлекеттерине эшиктер ачылат эмеспи. Албетте, анан кымбатчылык да басаңдайт эле. Ушунчалык кыйынчылыктарга карабастан, пенсия-пособие, эмгек акыларды көтөрүп жатабыз. Куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүп жатабыз. Жолдор жасалып жатат.

Ар бир жасаган ишибиз элдин, мамлекеттин, урпактарыбыздын кызыкчылыгы үчүн гана болот. Кылымдар өткөндөн кийин да бүгүнкү жасаган иштерибизге уялбай тургандай болобуз. Баары жакшы болот. Кам санабаңыздар. Убакыт керек - деген Кайрылуусунда президент Садыр Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости