www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн биз Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын түптөлүшүнө негиз салган Нахчыван келишиминин түзүлгөндүгүнүн 12 жылдыгын белгилеп жатабыз. Кылымдардан бери келе жаткан бир туугандык байланыштарды бекем өнөктөштүккө айландырууга шарт жараткан бул тарыхый күн жыл сайын 3-октябрда "Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык күнү" катары белгиленип келет.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин бардык мүчө-мамлекеттери он жылдык кыска аралыкта Түрк кеңешинин өз аймагынын чегинен да ары абройлуу жана таасирдүү институтка айлануусуна, уюмдун ийгилигине жана үзүрлүү аракеттери менен сыймыктанат.

2020-2021-жылдардагы бардык кыйынчылыктарга карабастан, жалпы түрк дүйнөсү үчүн жеңиштүү мезгил болду десек жаңылышпайбыз. Анткени бул жылдар аралыгында биздин биримдигибиз абдан маанилүү жетишкендиктердин күбөсү болду. Өзгөчө боордош Азербайжан жерлеринин оккупациядан бошотулушу, өлкө суверенитетинин жана аймактык бүтүндүгүнүн калыбына келүүсү жалпыбыз үчүн манилүү окуя болду. 44 күнгө созулган мекен үчүн болгон күрөш учурунда Түрк кеңеши Азербайжандын адилеттүү аракетин ар тараптуу колдоп турду, Азербайжандын жеңиши бардык мүчө-мамлекеттерибиз үчүн сыймыктанууну жаратты.

Ошондой эле, ушул жылы, онлайн режимде өткөн Түркстан бейрасмий саммитинде мамлекет башчыларыбыз миң жылдык цивилизациялардын кесилишиндеги маданий борбор болгон байыркы Түркстан шаарын - түрк дүйнөсүнүн руханий борбору деп жарыялады.

Мамлекет башчыларыбыз ушул эле саммитте Түрк кеңешинин учурда жүргүзүп жаткан иштерин, пландарын жана долбоорлорун, ошондой эле, анын келечектеги стратегиялык ой-максаттарын өз ара талкуулап, пикир алышты. Мамлекет башчыларыбыздын Түркстан саммитинде мүчө өлкөлөрдүн желектеринин жанында Түрк кеңешинин желеги да желбиреп, өз ара биримдик жана тилектештиктин бекемдигин көрсөттү. Бул - Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин аракеттерине болгон жогорку баанын айкын көрсөткүчү.

Ошондой эле, боордош Түркмөнстан Республикасынын Түрк кеңешине мүчө болуп кириши биздин кызматташтыгыбызды мындан ары да кеңейтип, биздин уюмдун алкагында кызматташууга жаңы дем берет десем жаңылышпайм.

Түрк кеңеши акыркы бир нече жыл ичинде эң жемиштүү жана активдүү мезгилин баштан өткөрүп жатат. Бул жылы биз экономикадан транспортко, саламаттык сактоо чөйрөсүнөн билим берүүгө, жаштар жана спорттон туризмге чейинки 20дан ашуун кызматташуу багытында абдан конкреттүү жана үзүрлүү иштерди аткардык. Бул тармактарды камтыган министрлик жана эксперттик деңгээлдеги жолугушуулардан тышкары, ар кандай темалар, багыттар боюнча форумдарды, жогорку деңгээлдеги конференцияларды, тармактык семинарларды, тренингдерди жана өз ара кызматташууну жогорулатууга багытталган программаларды уюштурууну уланттык.

Экономикалык кызматташуу боюнча интенсивдүү аракеттерибиз, биздин өлкөлөрдүн чакан жана орто ишкерлигин колдоого багытталган Түрк инвестициялык фондунун тез арада түзүлүп ишке кириши менен өз жемишин бере баштайт.

Ошондой эле, азыркы оор кырдаалга ыкчам ыңгайлашуу менен орток уюмубуздун алкагында саламаттыкты сактоо жаатында да көптөгөн конкреттүү иштерди жүргүздүк, пайдалуу долбоорлорду иштеп чыктык, кызматташуу механизмдерин түздүк. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен кызматташа баштадык, пандемиядан кийинки мезгилдин талаптарын эске алуу менен бардык тармактар ​​боюнча үзүрлүү кызматташууну пландарыбызга киргиздик. Айыл чарба, суу жана миграция сыяктуу кызматташуунун жаңы багыттарында биргеликте иштөө үчүн келечектүү пландарды белгиледик. Мүчө мамлекеттерибиз оор кырдаалда бири -бирине көптөгөн  техникалык жана гуманитардык жардам көрсөткөндүгүн жана эпидемияга каршы күрөшүүдө мыкты тажрыйбаларын бөлүшкөнүн өзгөчө баса белгилеп кетким келет.

Бул иш-чаралардын жыйынтыктарын анализдеп талкуулоо үчүн үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Стамбулда тарыхый мааниси жогорку мамлекет башчыларынын Саммитин өткөрөбүз. Бул Саммитте Түрк Кеңеши жана жалпы Түрк Дүйнөсү үчүн өтө чоң мааниге ээ көптөгөн чечимдер кабыл алынмакчы.

Келечекке карай бекем кадам таштап баратабыз, тилектештигибизди көрсөтүп турган бул маанилүү күндө да өз жоопкерчилигибизди эң ​​жогорку деңгээлде экендигин сезебиз. "Түрк көз карашы-2040" стратегиялык концепциясында белгиленген жаңы максаттар жана демилгелер менен, Түрк мамлекеттери тыгыз кызматташтыктын жана терең интеграциянын жаңы этабын көздөп баратат.

Бул жылы биз төрт мүчө мамлекетттерибиздин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатабыз, бул биз үчүн сыймык. Түрк кеңеши катары мүчө-мамлекеттерибиздин экономикалык, социалдык жана саясий чөйрөдө жетишкен ийгиликтери менен ар дайым сыймыктанабыз. Ошондой эле, мындан ары да жалпы максаттарга ылайык чечкиндүү иштей беребиз деп терең ишендиргибиз келет.

"Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык” күнүндө мүчө мамлекеттерибиздин мамлекет башчыларына, министрликтерге, коомдук уюмдарга, бизнес чөйрө өкүлдөрүнө  биздин уюмдун ишмердүүлүгүнө ар дайым колдоо көрсөтүп келе жаткандыктары үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Дүйнө жүзүндөгү бардык түрк тилдүү элдерди 3-октябрь "Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Күнү” менен чын жүрөктөн куттуктооо менен, жалпы түрк дүйнөсүнө тынчтык, биримдик жана ынтымак каалайбыз!

Багдад Амреев, Түрк кеңешинин башкы катчысы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости