www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөр тегерегиндеги маселелер боюнча сүйлөшүүлөр бүткүчө унчукпай турайын деп ойлогонмун. Бирок, келип жаткан маалыматтар менен таанышып, кыскача өз оюмду айтып кетүүнү туура көрдүм

Башында эле, биз тараптын "Кумтөр голд компани" ишканасына убактылуу башкаруу киргизүүсү, сырттан, рейдерлик басып алууга окшоп калды десем жаңылбаймын.

Ошону негизги себеп кылып, Centerra Gold Inc келишимде көрсөтүлгөндөй Нью-Йорк штатынын юридикциясынын негизинде Нью-Йорк шаарынын арбитраждык жана Стокгольм шаарындагы Эл аралык арбитраждык сотторуна кайрылды.

Биз, жарым жылдан бери УКМКнын иликтөөсүнөн башка эч кандай иш-чараларды көрбөй, тескерисинче, жеңишке жеткен тараптай, болгончо сайрандап жүрдүк. Акыры айла жок сүйлөшүүгө бардык.

Июнь айынан баштап, мен Кумтөр кризисинен чыгуу боюнча көз карашымды (программа) ар кайсы булактарды колдонуп, баш бийликтегилерге жеткирүү аракеттерин көрдүм.

Массалык маалымат каражаттары аркылуу дагы кайрылдым. Бирок эч кандай жооп алган жокмун.

Эми, ошол программадагы сунуштарга кыскача токтолуп кетейин.

Биринчиден, Кыргызстан "Кыргызалтын" мекемеси аркылуу башкы акционер болгон соң, Centerra Gold Inc ТНКсынын акционерлер кеңешин чогултууга толук укугу бар эле.

Ошол жерден болгон бугубузду айтып, алардын көңүлүн алгандан кийин чабуулга өткөнүбүз туура болмок.

Экинчиден, АКШ жана Канада өлкөлөрүнүн лоббилерине каршы, БУУнун (ООН) системасын буфердик элемент катары колдонуу мүмкүнчүлүгү.

Анткени, ТНК - транснационалдык корпорациялар, БУУнун атайын жумушчу тобунун көзөмөлүндө экенин баса белгилеп кетүү зарыл.

Мисалы, ар бир ТНК, өзгөчө тоо кен иштетүү ишканалары, эки жылда бир жолу көз карандысыз экологиялык аудит өткөрүү менен бирге, ошол иш-чаранын материалдарын ачык жарыялоо керектиги, БУУнун документтеринде баса белгиленген.

Үчүнчүдөн, биздин мамлекеттик укук коргоо мекемелери, АКШ жана Канада мамлекеттериндеги коррупцияга каршы кызматтарына, Centerra Gold Inc жана Cameco ишканаларынын Кыргыз Республикасынын бийлик башчылары жана мамлекеттик мекемелеринин жетекчилери менен кылмыштуу иште болгону жөнүндө материалдарды өткөрүп берип, аталган мамлекеттерде кылмыш иштерин ачтырууга аракет көрүү шарттары орун алыш керек болчу.

Бирок, белгиленгендей тескерисинче айыпка жыгылчу тарап биз болуп калгандай шарттагы сүйлөшүүлөрдө, албетте Centerra Gold Inc мекемеси үстөмдүүлүк кылуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот.

Эгерде, айтылып жаткан кептердей, Centerra Gold inc мекемеси Кумтөр долбоору боюнча келишиминен чыгуу шарттарын коюп жатса, анда экологиялык жактан келтирилген зыяндар жана коррупциялашкан схеманын негизинде алынбай калган пайдалар эмне болот деген суроо туулбай койбойт экен?

Улуттук деңгээлдеги коррупциялык долбоорго жол берген Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев жана Жээнбековдун бийликтери жоопко тартылбай калышабы?

P. S. Кумтөр долбоору боюнча бүгүнкүдөй тирешүү шарты 2008-жылы болгондугун баса белгилеп кетүү зарыл. Анда, Бакиевдин бийлиги өз кызыкчылыгын мамлекеттик кызыкчылыктан бийик коюп, 2009-жылкы чыккынчылык келишимин түзгөн.

Эң кызыктуусу, Швейцариядагы Centerra Gold Inc мекемеси менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан Кыргыз делегациясын, ошол 2009-жылкы келишимди даярдоодо чоң салымын кошкон мамлекеттик ишмер жетектегенинде.

Самат Алиев, жарандык активист

Последние новости