www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековдун суу чарбасына жооп берген Нурлан Шерипов деген орун басары бар. Кесиби юрист, илим доктору. Жайында талаа жумуштары кайнап, суу жетпей, Чүйдө буудай, арпа, жүгөрү, кызылча талаалары күйүп жатканда, бул эргул “Улуттук илимдер академиясына корреспондент-мүчө болом” деп чамынып чуркап жүргөн.

Ушинтип өз ишине шалаакы мамиле жасаган Нурлан Шерипов өкмөт башчысынан сөгүш алган. Анын корреспондент-мүчөлүккө шайлануусу да көп суроолорду жаратууда. Талаа, сугат системасынан, мелиорациядан түшүнүгү жок Нурлан Шерипов эч кандай жоопкерчиликти сезбей, суу чарбасы боюнча министрдин орун басары кызматын карьера үчүн ээлеп отургандай эле илимге да эмгеги сиңбей туруп, корреспондет-мүчө наамына татыксыз болсо да талпынган.

Кудум эки тоонун чөбүн самаган эчкидейби? Аны “Акаевдин аспиранты Кубанычбек Жумалиев сүрөп, жарабаган бюллетендерди жаратып, анан өткөргөн” деп айтышууда. Нурлан Шерипов КР УИАнын корреспондент-мүчөлүгүнө түштүк бөлүмүнүн эсебинен шайланган.

Шайлоо тууралуу жобого ылайык, ал ээлеген кызматын тапшырып, беш жыл түштүк жергесине барып кызмат кылып, ошол жакта юриспруденция илимин өнүктүрүүсү абзел. Бирок “карьера” дегенде ак эткенден так этип, министрдин орун басары кызматын тапшырбай “тырмышып” креслосунда отурат.

“Суу чарбасына тийешеси жок юрист темселеп айыл чарбасында эмнеге жүрөт?” десе, “дыйкандарга гранттар, пайызы аз насыялар жана башка “жей” турган байлыктар болот, Нурлан Шериповдун аңдыганы эле ошол, болбосо адистиги туура келбеген тармакта ага суутуп коюптурбу?” деп айтып жатышат кесиптештери.

Кызыгы, ал УИАнын корреспондент-мүчөлүгүн жең ичинен сүйлөшүп, сатып алганы жакында ашкереленеби? Бул жагынан териштирүү иши жүрүп баштады.

Булак: Азия News гезити 

Последние новости