www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кабулда мечиттердин биринде жардыруу болуп, каза болгондор жана жаракат алгандар бар, деп билдирет Al Jazeera телеканалы.

Жардыруу 17-августта Хайрхан аймагында жайгашкан мечитте намаз учурунда болгон. Сокку толкуну жакын жердеги имараттардын терезелерин сындырган.

Коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, окуяда 30га жакын адам жабыркап, үчөө, анын ичинде мечиттин имамы каза болгон. Жабырлануучулар боюнча маалыматтар баштапкы жана алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экени белгиленет.

Учурда укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүп, жеринде ыкчам топтор иштеп жатат.

Буга чейин Ооганстандын Кундуз провинциясындагы мечитте болгон жардыруудан кеминде 33 адам каза болуп, 43 киши жарадар болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости