www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Василий Верещагиндин «Богатый кыргызский охотник с соколом» деген сүрөтү Байтик баатырга (Байтик Канай уулуна) арналып тартылган сүрөт азыр кыргыз коомчулугунда эле эмес боордош казак элинде да чоң талкуу жаратууда.

Василий Верещагин чыгармасында өзүнүн досун мергенчинин образында берген деген маалымат айтылып жүрөт.

Бирок, бул пикирге тарыхчы Кыяс Молдокасымов караманча каршы. Анын айтымында, Василий Верещагиндин чагылдырганы Байтик баатыр эмес.

«Бул сүрөттөгү Байтик баатыр эмес, шылдың болобуз!

Бул сүрөт Василий Верешагиндин 1871-жылы Мюнхен шаарында элестүү тарткан сүрөтү. Сүрөт өтө чеберчиликте тартылган, эч айып жок. Бирок дал ушул сүрөттү айныксыз Байтик баатырдын сүрөтү деп «далилдеп», баатырдын 200 жылдыгына арналып курулчу айкелине, болгондо да Президент тарабынан каржыланып жаткан айкелге ушул сүрөттү негиз кылып алганга чечим чыгарышыптыр.

Өткөндө өкмөттө өткөн жыйында угуп, «Уят болосуңар!» десем, Президенттин кеңешчиси «Байтиктин чыныгы сүрөтү ушул деп» - айтпадыбы дешти. «Президенттин кеңешчиси туура эмес айткан токтоткула!», - деп айттым. Чындыгында бул Байтик баатырдын чыныгы сүрөтү эмес. Бетин карагыла. Славян элинин бет түзүлүшү. Кийими окшошсо да бети, чырымы, жашы окшошпойт!

Василий Верешагин 1867-69-жылдары Түркстан Генерал-губернатору Фон-Кауфмандын карамагына келип иштегени чын. Ал жылдары Чүй өрөөнүнө келгени да айныксыз чындык. Ал убакта Байтик баатыр 50 жашка да чыга элек мезгили болчу. Сүрөттө 70 тен ашкан кыргыздын бай аңчысы. Болгондо да славян түспөлдөшкөн!

Андыктан нак ушул сүрөттү Байтик баатыр деп, айкелди ушул турушунда тургузуу барып турган сабатсыздык! Сүрөт Чүйдө эмес, Мюнхен шаарында тартылган. Шылдың болобуз! Тез токтотолу!», - деп билдирди Молдокасымов.

Ал эми талаш жараткан сүрөт тууралуу тарых илимдеринин кандитаты Табылды Акеров NazarNews маалымат агенттигине төмөндөгүлөрдү билдирди:

«Сүрөттө Верещагин Байтик баатырды славян жүзүндө таркан. Ошого айрымдар, бул Байтик баатыр эмес дешет. Бирок, Верещагин сүрөттө кыргыз аңчысын славян жүзүндө бекеринен арткан эмес. Муну менен ал Орто Азияда да европа элдерине түспөлдөш кыргыз эли бар деген ойду айткысы келиши мүмкүн. Башка айтканда ал Батыш элдерине кыргыздарды европеоид түспөлүндө презентация кылып жаткандай.

Анткени Верещагин, башка орус офицерлери сымал эле, Енисей кыргыздары тууралуу да көптөгөн маалыматтарды окуп, аларды билген десек болот. Ошого Мюнхенде тартып жаткандыктан ал Байтик баатырды славян түспөлүндө тартышы мүмкүн болчу. Анан калса, Канайдын азыркы тукумдарынын арасынан да сүрөттөгү Байтик баатыр деп аталып жаткан адамга окшош замандаштарыбыз оңой эле табылаарын унутпайлы. Верещагиндин «Богатый кыргызский охотник с соколом» сүрөтү Байтик Канай улууна арналып тартылган деп айтсак болот», - дейт Табылды Акеров.

Эске салсак, быйыл эгемендүүлүк күнүнө карата Байтик баатыр Канай уулунун 200 жылдык мааракеси белгиленет.

Ага карата Чуңкурчак жайлоосунда улуттук спорт мелдештери өтөт.

Ал эми кыргыз баатыры Байтик Канай уулуу тууралуу кызыктуу фактыларды бул жерден окусаңыз болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости