www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кабулдагы жардыруу жети кишинин өмүрүн алды

Кабулдагы суфилердин кечилканасында 29-апрелде болгон жардыруудан кеминде жети киши набыт болду. Бул тууралуу талиб өкмөтүнүн өкүлү билдирди. Он бештен ашык киши жараат алды.

Набыт кеткендердин жана жараат алгандардын саны дагы өсүшү мүмкүн. Саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлү "Азаттыктын" ооган кызматына өлгөндөрдүн саны онго жеткенин айткан. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч бир топ мойнуна ала элек.

Өткөн жумада Кундуз провинциясындагы суфилердин кечилканасында болгон жардыруу отуздан ашуун кишинин өмүрүн алып, ондогону жабыркаган.

Соңку апталарда шиит хазарлары жана суфилер отурукташкан аймактарда жардыруулар күч алды. Алардын айрымдары үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу өз мойнуна алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости