www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кан алуу

Кыргызда элдик табыптар ноокастарды кан алып сакайтыптыр, же болбосо сүлүк курт менен жаман кандарын алдырыптыр деген сөздөр айтылып келет. Биз бу сапар 1400 жылдан ашык убакыттан бери мусулман өлкөлөрү колдонуп келген кан алуу тууралуу сөз кылалы дедик. Анткени, "орто кылымдарда эле кан алып, дарттан арылса болооруна ибн Сина да ынанган" дейт маектешим. Канды кайсы жерден алыш керек? Кан алуу кайсы ооруларды алдын алат деген суроолор менен тибет, кытай, япон жана илимий медицинаны айкалыштырып, элди дарылап жаткан Кадыржан аганы кепке тарттык.

Пайгамбар да кан алдырган

Кан алуу алып дарылоо куранда да жазылган. Пайгамбарыбызга адамдар уу берип, эртең мененге жетпей өлөт деп ойлошот. Пайгамбар акыбалы начарлап, өзүн жаман сезе баштаганда чөп дары менен дарылаган дарыгерин чакырып, желкемден кан ал дейт. Кан алгандан кийин анын тамагына кошулуп берилген уунун баары кан аркылуу чыгып кетет. Таңкы багымдат намазын окууга турган пайгамбарды көргөндөр күчтүү уудан кийин кантип аман калды деп таңкалышып, андан сурашат. Пайгамбар желкесинен кан алдырып, күчтүү ууну, өлүмдү жеңип кеткенин айтат. Ошон үчүн куранда кан алдыруу сүннөт деп жазылган.
Сауд Аравияда, Иранда, Малайзияда элдер клиникаларга атайы келип, эмдөө курсунан өткөндөй эле жылына бир-эки жолу кан алдырып турушат.
Бул жактан болсо кайрылган бейтаптардын жаман кандарын чогултуп, бышырыш үчүн эки-үч күн даярдайм. Анан кан алаар күнү курсагыңызды тойгузуп келиңиз деген талап коем.

Кан бузулганда денени жыбыраган курт басып кеткендей сезилет

Кан алып, адам өмүрүнө коркунуч келтирген илдеттерден алдын алса болот. Мисалы, аялзаты 40-45-50-55 жаштарда климакс болот. Ошол учурда жана андан кийин жок дегенде жылына бир жолу кан алдырып турушу керек. Антпесе этек кири токтоп калгандан кийин айына эки-үч күн этек кири келчү маалда аялдар буулугуп, ачууланып, өзүнө батпай, каардуу болуп калышат. Ошол учурда кан алдырса жеңилденип организм тазаланып, баягыдай каардуулуктун бири жок болуп калат.
Акыркы күндөрү өттө таш пайда болуп же боору катып калды деген учурлар арбын кездешип калды. Анын баары организмдеги жаман кандардын чыкпаганынан болуп жатканын көпчүлүк элес ала беришпейт. Кан коюланып, майда кан тамырларга кан жетпей калып, инсульт, инфаркт деген оорулардын өөрчүшүнө, алардын тездешине шарт түзүп жатканын сезишпейт.
Кан алуу кытай медицинасында колдонулбаганы менен элдик медицинасында, тибет медицинасында дээрлик колдонулат. Адамдар кайгырып, же кыжаалат болуп, нерв системасы бузулганда кан бузулуп, дене кычышып, денеде курттар жыбырап жүргөндөй туюлат. Ошол учурда бузулган кандарды албаса, эч бир медицина сакайта албайт.

Кош бойлуу учурда жаман кандан бетке сепкил түшрөт

Аялзатынын кош бойлуу учурунда этек кири келбей калат. Ошол учурда организмдеги жаман кандар бетке чыгып, бетти кара так же сепкил басып кетет. Айымдар жаман кандар бетке чыгып кеткенин билбей көпчүлүк айымдар мындай учурду боюмда болгондо сепкил түшүп кетти деп коюшат.

Баштан, колдон, кызыл ашыктан кан алуу туура эмес

Канды баштан, тизеден, колдон алган туура эмес. Мен желкеден жана далынын үстүнөн алам. Мээдеги жаман кандар менен колдун, буттун учундагы жаман кандарга чейин ошол эле жерден чыгат. Ошондуктан көрүнгөн жерди тиле бербейм. Анан калса кээ бир элдик дарыгерлер каалагандай тилип салышып, тилинген жер айыкканда так болуп калат. Мен болсо бир см жерди эле адамдын кирпиги менен тең кылып, жети жолу терең кылбай акырын эле тилип, аппарат менен сордуруп алам. Ошондуктан мен тилип, кан алган жер 10 күндө эле тилинген жери билинбей калат. Кан алыш укол сайгандай эмес. Өзүнчө методу бар. Керек болсо кан алгандап айтылчу дубалары да бар.
Организмдеги жаман кандарды алып салса, өткө, боорго, керек болсо, жүрөккө да жакшы жардамын берет.
Кээде кичиненкей бала чырылдап ыйласа, чекме болуп калыптыр деп айылдагы бала кармаган кемпирлерге желкесинен эрининин үстүнөн чектирип салышат. Чоң жана терең кесилгендиктен кесилген жерде бала чоңойгондо да кетпеген так калат.

Кант диабетин, аккан, инсульт ооруларын кан алуу аркылуу сакайтса болот

Кээ бирөөлөр мен кант диабети, аккан менен ооруйм. Менден кан алууга болбойт. Кескен жер бүтпөй, ырбап кетиши мүмкүн деп коркушат. Кант диабети, ак канды, ал түгүл көздүн карегин эт, чел басып, тунарып көрбөй калуусун дагы кан алуу менен жакшыртса болот. Анткени, кан коюланып кеткенде көздүн майда кан тамырларына кан жетпей калып, көздүн көрүүсү начарлайт. Кан алганда канга кошо туман болуп жаткан көбүктөр чыгат. Көп жылдан бери аким болуп иштеген кишиден төрт жолу көзүнүн кан алдым. Башында баласы жетелеп келсе, кийин көзү жакшы көрүп, өзү эле келип жүрдү.
Кээде инсульт же инфаркт болуп, тилден калып калгандар кайрылышат. Тилден кан алуу опурталдуу болсо дагы, кээде кан алууга туура келет. Керек болсо кан алуу аркылуу баспаган нарындык баланы бастырып койдум. Башка балдардай болуп чуркап калганына жетине албай, алкышын айтып, сакайып кетти.
Остеохандроздон жабыр тарткандарды дагы далысынан, желкесинен кан алса, туз менен май басып калган майда кан тамырларга кан барып, желкесинен тонналаган жүктү алып салгандай эле болот.
Айыл жеринен ашыкча эле кандарын алдырып, азабын тарткандар келишет. "Баланча дарыгерге кан алдыргандан бери башым айланып, өзүмө келе албай жатам" дешет. Анча канча алган туура эмес. Мен жетигип келгенинен 50 гр эле албасам көпчүлүк учурда 10 граммдын тегерегинде эле кан алам. Кан кара кочкул болуп эле чыкпастан денедеги сары суу жана кандагы уулу заттар кошо чыгат. Бүткөндөн кийин банканы бейтаптарга көрсөтсөң желедей болгон халистриндерди көрүп, ушунун баары кан менен чыктыбы деп таң калышат.
Негизи адам баласы кырк жаштан өтүп же кан басымы жогорулап калганда бир жылда бир же эки жолу күзгө маал кан алдыртса жакшы эффект берет. Көп ооруну алдын алат.

Венадан алган кан менен желкеден алынган кандын айырмасы чоң
- Кан кою болуп кетпеш үчүн 40 жаштан кийин ар бир адам аспириндин төрттөн бир бөлүгүн ичип турушу керек. Кээ бирөөлөр "менин каным көп, донормун венамдан кан берип келдим. Жаман кандарым жок" деп келишет. Чынында венадан алган кан менен далынын үстүнөн алган кандын асман менен жердей айырмасы бар. Дегеним, венадан таза кан чыкса, далыдан, желкеден дээрлик жаман кандар чыгат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости