www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушу тапта короосунда кою тууй албай атып өлүп калса деле Өкмөттү күнөөлөй берүүгө өтүп алдык. Айрымдардын акыл калчоосуна келсек, Өкмөт башчы өзү келип анын казанына аш салып, отун жагып, атургай кашык карматып тамактандырыш керек окшойт. Айталы, Сапар Исаковдун Өкмөт башына келгенине туптуура жарым жылдын жүзү болду.
Бирок, ушул кыска аралыкта Өкмөт кантип иштеш керектигин, жаңы заманга карай кадам таштоо бизде да бар экенин, жетекчи деген опурулуп-жапырылбай эле сылык-сыпаа, жөнөкөй болоорун аңдап биле албадыкпы. Сапар мырза аракеттин артында жүрсө да аны да жөн иштетпей сынга алгандар четтен чыгууда.
Уят да эми. Убакыт бербейлиби, туруктуу иш алып барып жаткан жигитти торой чапканга аракет кылбай.
Качанкыга чейин эски, түркөй ичкүйдүлүк, басмайыл кесмей, ээрден шыпырмай менен алектене беребиз.
Эл, биз өзүбүз оңолуу жолуна түшсөк биздин Өкмөт кайда бара алат?
Булак: "Де-Факто"