www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мадумаровду оппозиция болгону үчүн жазалап, качанкы протоколду бетке кармап, камоо туура эмес», - деди бүгүн, 15-февралда NazarNews маалымат агенттигине укук коргоочу Качкын Булатов.
- Адахан Мадумаров камалып калышы мүмкүнбү? Аны чек ара чырына себеп болгон протоколду жокко чыгаруу үчүн камаганы атабы?
- Адахан Мадумаровду камоого аракет башталганы акылга сыйбаган иш болуп жатат. Анткени, ал колду Мадумаров өзү билип эле койгон жок да. Мүмкүн ошол кездеги саясат кол коюуга аргасыз кылгандыр.
Тагыраагы Мадумаров ошол кездеги премьер-министрлер менен кеңешип, тийиштүү органдар менен акылдашып, ошолордун макулдугу менен кол койгондур да. Эми канча жыл өткөндөн кийин аны жарга такап, камаганга аракет кылышканы орунсуз болуп жатат.
Чынында ал кол койгон протокол юридикалык күчкө ээ эмес. Андан бери бир канча өкмөт, үч президент алмашты. Азыр жумурткадан кыр издегенсип, анын оппозиция болгону үчүн качанкы протоколду бетке кармап, жазалоо туура эмес.
Мадумаровго өчөшпөй андан көрө мамлекетти өнүктүрүүгө аракет кылышса жакшы болмок. Анткени, Мадумаровдун кол койгону протоколу менен эле жерди Тажикстанга берип жиберишпейт да.
Булак: NazarNews.kg