www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун Нарын облусунун аймагынан Макмал аркылуу Жалал-Абад облусунан Өзбекстанга чейин куруу сунушталууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, дал ушул маршрут ыңгайлуу деп каралып жатат. Өкмөттүн башчысы мындан сырткары Орусия менен бирге Каракече - Кочкор - Балыкчы жолунун курулушун баштоо пландалып жатканын билдирди.

"Бул темир жолдун курулушун баштоого экономика өзү түрткү болот. Бул долбоордун акыркы маршруту аныкталган соң эл алдына чыгарабыз", - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында эле көтөрүлсө да ишке аша элек. Жакындагы Садыр Жапаровдун Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушуусунда темир жолдун курулушу жөнүндө сөз болгон эле.

Эске салсак, буга чейин Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун төрт багыты боюнча варианттар бар экени айтылып келген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости