www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Жетим-Тоодо 300 жылга жете турган темирдин кору бар, аны кадимки жер тилкесиндей көрбөй казыш керек», - деди бүгүн, 17-августта, NazarNews маалымат агенттигине укук коргоочу Качкын Булатов.
- Качкын агай, Жетим-Тоону казыш керекпи же чекит койгон боюнча токтотуп салыш керекпи?
- Негизи Жетим-Тоону коррупциясы жок, жең ичинен соодалап ийбей казсак мамлекет үчүн пайдалуу эле болмок. Анткени, Жетим-Тоодо темирдин кору 5 км эмес, 180 км. Бул деген 100-200-300 жыл казганга жетет деген сөз.
Тагыраагы, муну казса, Садыр Жапаровдун да өмүрү жетпейт. Жетим-Тоодо Орусиянын магнит тоосундай эле темирдин кору көп болот. Магнит тоосун ак падышалыктан бери эле казып келе жатышат.
Азыр да темири түгөнгөн жок. Жетим-Тоодо да 300 жылга жете турган темирдин кору бар.
Айрымдар аны кадимки жер тилкесиндей көрүп, казылбасын деп жатышат. Чынында Жетим-Тоону бир участоктой көрбөшүбүз керек.
Жетим-Тоо эле эмес, Кочкордо Сандык, Сөөк деген жайлоо бар. Ал жерде алюминийдин кору бар. Ал жерде дагы миллиарддаган акчалар жатат. Мурун ал жерге алюминий завод чыгара турган завод салабыз деп маселе көтөрүлгөн. Бирок, союз тараганда токтоп калган.
Эске салсак, 14-августта, Президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо темир кенин казууга байланыштуу айтылып жаткан кептер боюнча кайрылуу жасады.
Ал кенди толугу менен мамлекет өзү иштетип, бир дагы үлүшү башкага берилбей турганын белгиледи. Бирок аны казуу иштери жакын арада башталбай турганын айткан.
Булак: NazarNews.kg