www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Владимир Путин: Орусияда 10 же андан көп бала төрөп, чоңойткондорго "Баатыр эне" наамын берет. Бул наамды алгандар 1 миллион рубль өлчөмүндө бир жолку төлөм алууга укуктуу. Бул тууралуу президенттин жарлыгында айтылды.

“Баатыр эне” наамы Орусиядагы эң жогорку наамдардын тизмесине “Россиянын Баатыры” жана “Эмгек Баатыры” наамдары менен кошо киргизилет.

Наам онунчу бала төрөлгөндө автоматтык түрдө берилбейт, онунчу бала бир жашка толгондо жана ал убакта калган тогуз баланын баары тирүү болгондо гана ыйгарылат. Наамды ыйгарууда Ата Мекенди же анын таламдарын коргоодо, жарандык, кызматтык же аскердик милдеттерди аткарууда, ошондой эле террористтик актылардын жана өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында дайынсыз жоголгон же курман болгон балдар эске алынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости