www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Калыс кебин айтпаса, карылардан не пайда", демекси, акыркы убактарда саясатчыларды четинен камап, куугунтуктап, адилетсиз мамиле жасап жаткан бийликке бир дагы төбөсү көрүнгөн аксакалдарыбыз, эл баатырларыбыз калыс сөзүн айта албады. Мисалы Садыр Жапаровду митинг уюштургансың, Каптагаевди барымтага алгансын деп камады. Анын канчалык деңгээлде күнөөсү бар бир Кудай билет. Менин айтайын дегеним башка, медалдын экинчи бети бар эмеспи.
Эмнеге митинг болду, эмнеге Каптагаев барымтага алынды деп сураган киши жок. Ошол себептен мен калыс созумду айтып коеюн деп чечтим. Ысык-Көлдүктөр Кумтөр элге иштесин деп митинге чыгышты. Себеби, акыркы жылдарда 360 тонна алтын чыгарып кетишсе, бизге калтырганы 1 тонна экен. Албетте бул мамлекеттик казнага түшкөнү. Балким кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө мындан көп түшүп жаткандыр аны бир Кудай өзү билет. 90 тонна күмүш чыгарып кетишип, бизге бир кг калбаптыр. Ушунун баарын Садыр Жапаров ачып чыкпады беле... Анан ачка, кедей болуп олтурган эл кантип митинге чыкпайт.
Атамбаев айткан жайы бар, 20 жылдан бери миң тонна алтыныбыз ит бекер чыгып кетти деп. Анысы аз келгенсип Кумтөрдүн зыянынан ден-соолуктарынан ажырап, балдары оорулуу төрөлүп атса чыгышат да митинге. Ошол митинге Кыргыздын байлыгын коргойм деп чыккан ар бир жараныбызды камагандын ордуна алкыш айтышыбыз керек эле.
Атамбаев айткан миң тонна алтын бүгүнкү баа менен 50 миллиард доллар болот. Күмүш, жез жана башка баалуу металдарды айтпай эле коеюн. Анан ушул байлыкты коргоп митинге чыкканы туура да. Каптагаевди барымтага алган окуя менен 50 миллиард долларды салыштырып көрбөйлүбү? Кудайга шүгүр Каптагаев аман-эсен эле жүрөт.
Ал эми кыргыздын байлыгын кыргызга сактап калам деген Садыр Жапаров менен анын тарапташтарына алкыш айткандан башка сөз болушу мүмкүн эмес эле. Сырткы карызыбыз 4,5 миллиард доллар болуп кетти, төрөлө элек балдарыбызга чейин карызга баттык деп ыйлап атабыз. Анда эмнеге өз байлыгыбызды башка бирөөлөргө талатып атабыз. Демек, байлыгыбызды коргойбуз деп чыгышкан жигиттерибиз баатыр жигиттер десек болот. Көрөсүңөр акыры убакыт келет, Кумтөр үчүн камалган ар бир жигит, "эл баатыры" деген наамын алып чыгышат. Ошол убакыт дагы алыс эмес.
Качкынбек Булатов, укук коргоочу
Булак: NazarNews.kg