www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Азык-түлүк, күйүүчү майлар кымбаттап, отун-суу тартыш, кыштан кантип чыгабыз?

-Көмүр кымбаттабайт эле болчу. «Кыргызкөмүр» ишканасынын жетекчилиги улам-улам алмаша берип, элди көмүр менен камсыз кылуу бир аз создугуп кетти. Бу жерде өкмөттүн жаңылыштыгы болгонсуду. Азыр да кеч эмес. Көмүргө болгон таңкыстыкты жоюп, толук кандуу жеткирсе болду.

Кымбатчылыктын басышы бийликтин шалаакылыгынан келип чыкты. Бааны тескеп турчу антимонополия кызматы иштебей туруп алды. Кымбатчылык өтө опурталдуу болуп турат. 2010-жылы Токтогул суу сактагычында 20 млрд куб суу бар болчу. Сууну коңшу мамлекеттерге ыгы жок сата коюшуп, өзүбүз суусуз калып, свет маал-маалы менен өчүп турган.

Мындан биз сабак алдыкпы же албадыкпы, билбейм. Бирок, Өзбекстан анча-мынча машинелерин бере коюп, биздин сууну алып атышат. Эң ириде өзүбүздү камсыз кылып, аны тоугу менен эсептеп туруп, калганын машинеге алмаштырып, же башка нерсеге керектешсе болмок. Анткендин ордуна өзүбүз кошуна өлкөдөн 2 сомдон кайра алат экенбиз.

Ушу кантип болсун?! Азык-түлүктүн баасын көзөмөлгө ала турган органдар коррупцияга малынып, эки кишинин башы кошулган жерде кантип бааны көтөрүү аракети жүрүп жатса, анан кантип арзандасын? Ушу жагына президент өзү көз салышы керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости