www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Эгер Тажикстан Мадумаров кол койгон протоколду бетине кармаса, алар дагы максатына жетпейт”, - деди бүгүн, 4-майда NazarNews маалымат агенттигине укук коргоочу Качкын Булатов.
- Качкын агай, Мадумаровдун бийликти сындаганы көпчүлүктүн кыжырын келтире баштады. Ал өзү чоң территорияны тажиктерге өткөргөн протоколго кол койгондон кийин азыр анын тың сындаганы туурабы?
- Кыргызстанда кызыктай жагдай пайда болду. Мурда оппозицияда жүргөндөр бийликти сындап келчү. Азыр болсо, бийликти жактагандар бийликти сындап сүйлөгөндөргө асыла баштады. Мадумаров протоколго кол койгону менен ал юридикалык күчкө ээ эмес. Ошондуктан ал протокол эч кандай күчкө ээ эмес деп ойлойм.
- Бирок, тажиктер ал протоколду юридикалык күчкө ээ болгон документ катары кабылдашат дешет го?
- Эгер Тажикстан Мадумаров кол койгон протоколду бетине кармаса, алар дагы максатына жетпейт. Ал протокол керек болсо жокко чыгыш керек. Ошон үчүн Мадумаровду сындап койдуң деп басынткан менен маселе чечилбейт. Эгер Мадумаров чындап кылмышка тете иш кылса, аны эбак эле колу-бутун толгоп, камап коюшмак.
Булак: NazarNews.kg