www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-майда КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Кыргызстандагы Катардын убактылуу ишенимдүү өкүлү Ахмад бин Юсуф Кафудду кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана 2021-жылдын 3-майында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө жүзөгө ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Министрдин биринчи орун басары катар тарапка кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн кайгылуу окуялар, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жогорку жана эң жогорку деңгээлде жетишилген келишимдердин чоо-жайы жөнүндө маалымат берди.

Нуран Ниязалиев Катар тарапка Кыргызстандын Баткен облусунда жабыркагандарга көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости