www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Европа биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Аур жана делегация мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Эдуард Аур Европа биримдигинин Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө кененирээк токтолуп, мындан ары да суу чарба тармагында белгиленген форматта иштөөнү улантуу үчүн атайын “Улуттук таза суу” стратегиялык долбоору менен иштөөнү сунуштады.

Ошондой эле, элчи Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы аркылуу жарандарды таза суу менен камсыздоо программасын ишке ашырууну колдоп келерин белгиледи.

Министр А.Жаныбеков Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, бул маселени жумушчу тартипте иштеп чыгып, жалпы делегациясы менен кайрадан жолугушууга даяр экендигин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап “Улуттук таза суу” стратегиялык долбоорун иштеп чыгууда мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости