www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул акыбалдан кошуна мамлекет менен сүйлөшүү аркылуу гана чыга алабыз. Мындай пикирди саясат таанучу Эмил Жураев кыргы-тажик окуясы тууралуу маек куруп атып билдирди.

--“Албетте, азыр канчалык оор болуп, кейип, кан жутуп, сүйлөшкүбүз келбей турганы менен, бул акыбалдан кошуна мамлекет менен сүйлөшүү аркылуу гана чыга алабыз. Бул жерде эки тараптын бийлиги гана эмес, эки тараптын тең кошуна жашаган карапайым калкы да бар. Биз дагы, тигилер дагы жалпыбыз менен башка жакка көчүп кете албайбыз. Кошуна болгон соң, тилекке каршы бузулуп калган мамилени кайрадан ордуна келтирип, жаңыдан диалогго болгон мүмкүнчүлүктү, аракетти жандандырууга аргасыз болобуз, бул керек.

Андан тышкары, болуп өткөн иштерди иликтөөлөрдү чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдөн тышкары өзгөчө линиянын иш-аракети катары калтырышыбыз зарыл. Бул иштерге чек аранын делимитация маселесин аралаштырып бирге кароо, менимче туура эмес болот. Эгер аралашып кетсе, анда кечээ эле болгон кандуу окуялар, эл аралык ченемдердин одоно бузулушу, чек ара маселелеринин алдында калып кетиши ыктымал. Алар чек аранын соодасына айланып кетиши мүмкүн”, - дейт талдоочу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости