www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Чоң жети" тобуна кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери эки жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу бетме-бет саммитке чогулушту. Лондондо 4-майда башталган жыйында эл аралык тартипти бутага алган сырткы коркунучтар талкууланганы жатат.

Британия саммиттин экинчи күнүндө өнөктөштөрдү демократиялык мамлекеттерди Кытай менен Орусия сыяктуу өлкөлөрдүн коркунучунан коргоого үндөй турганы кабарланды.

Ошондой эле "Чоң жетинин" башкы дипломаттары Ливия, Сириядагы кырдаалды жайгаруу боюнча токтоосуз аракеттерге чакырып, Иран, Түндүк Корея, Балкан мамлекеттериндеги акыбалды жана Эфиопиядагы зомбулукту айыпташары күтүлүп жатат.

"Британиянын «Чоң жетиде» төрагалык кылышы ачык жана демократиялык коомдорду бириктирүүгө мүмкүнчүлүк. Ошол эле учурда жалпы көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгы жаралып турганда биримдикти көрсөтүүнүн жолу", - деп билдирди жыйындын алдында британ тышкы иштер министри Доминик Рааб.

Дүйшөмбү күнү Рааб АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушат. Бул Блинкен кызматка киришкенден берки Лондондогу биринчи сапары. Америкалык дипломат 3-майда эркиндикти сүйгөн мамлекеттердин глобалдык альянсын түзүү зарылдыгы жаралып турганын, АКШ Кытайдан эрежелерди сакташын гана талап кыларын айтты.

"Чоң жети" тобуна дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн жети мамлекет - Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония жана АКШ кирет. Үч күндүк саммитке Австралия, Индия, Түштүк Корея жана Түштүк Африканын расмий өкүлдөрү конок катары чакырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости