www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 20 жаштагы кыз 3 кабаттан кулап кетти

Бишкекте 20 жаштагы кыз 3 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кетти. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 4-май күнү саат 14:00 чамасында Манас менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдө болгон.

“Тергөө-ыкчам тобу жана Биринчи май РИИБдин жетекчилиги жеринде иш алып барды. Милициянын маалыматы боюнча, белгисиз жагдайда 2001-жылы туулган А.М. аттуу кыз терезеден кулап кеткен. Ал Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилди”,-деп айтылат маалыматта.

Бул факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости