www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Азаттык" радиосунун тажик кызматы ("Озоди" радиосу) кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан дагы эки чек арачы мерт болгонун билдирди. Тажикстандын Нурабад районунун расмий өкүлдөрү "Озоди" радиосуна ырасташкандай, бул райондон чыккан 20 жаштагы чек арачы Аслиддин Абдузаманов менен 26 жаштагы чек ара офицери Абдуллах Саидов 29-апрелде мерт болгон жана алардын сөөгү 1-майда жерге берилген.

Муну менен "Озоди" радиосунун эсеби боюнча, Тажикстанда чек ара чатагында каза болгондордун жалпы саны 18ге жетти. Алардын 10у аскер кызматкерлери экени, баш-аягы 90дой адам жараат алганы кабарланууда. Бирок Тажикстандын бийлиги жабыркагандардын жана курмандыктардын саны тууралуу расмий маалымат бере элек.

28-30-апрель күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыккан куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жараат алды. Каза тапкандардын үчөө аскер кызматкери. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады.

Баткен жана Лейлек райондорунда бери дегенде 11 айылда турак жайлар талкаланып, өрттөлдү. Жаңжалда жабыр тарткан тажик айылдарына барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылындагы бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости